Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган усулдук жардам көрсөтүлдү
2024-жыдын 6-13-май аралыгында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарды өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мамлекеттик мекемелериндеги иш кагаздарынын мамлекеттик тилде таризделишине мониторинг жүргүзүү  боюнча графигине ылайык, төмөнкү 11 мамлекеттик мекемеге мониторинг жүргүзүлдү.


- Жалал-Абад электр тармактар ишканасы;
- “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ош электр тармактар ишканасы;
- Ош райондук электр тармагы;
- Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемеси;
- “Ошсвет” муниципалдык ишканасы; 
- “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Баткен электр тармактар  ишканасы;
- Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментине караштуу Чет-Булак аймактык башкармалыгы;
- Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментине караштуу Кызыл-Жол аймактык башкармалыгы;
- Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментине караштуу Келечек аймактык башкармалыгы; 
- Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментине караштуу Базар-Башы  аймактык башкармалыгы;
- Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментине караштуу Булак-Башы  аймактык башкармалыгына кезектеги усулдук жардам көрсөтүлдү.
Архив