КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча (мындан ары  Улуттук комиссия) менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети (мындан кийин КТМУ деп аталат) “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында ошондой эле өз ара байланыштарды туруктуу жана узак мөөнөттүү негизде тиешелүү уюштуруу жана башка зарыл шарттарды түзүү үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандум (мындан ары – Меморандум) түзүштү.


Эки тараптуу келишимди жогорку деӊгээлде ишке ашыруу жана бул багыттагы иш-чараларды колго алуу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик  тил саясатын жүргүзүүдө кызматташууну ишке ашырат.


Меморандумдун максаты өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана үзүрлүү кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.
Архив