«Диний чөйрөдөгү мамлекеттик тил саясаты» аталышындагы кереге кеӊеш өттү

Бүгүн 14-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына  карата «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик тил саясаты» аталышындагы кереге кеӊеш өттү.

Кереге кеңешке КР Президентинин Администрациясынан стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн бөлүм башчысынын орун басары К.Жанузакова, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын орун басары Канатбек Мидин уулу, Кыргызстан  мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары  Атабаев Самидин кары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” секторунун башчысы А.Мамытов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Теология” факультетинин деканы Н.Шамралиев, ошондой эле профессор, коомдук ишмер, КР Эл артисти Т. Казаков, врач, нарколог ϴмүралиев Шайлообек, “Кыргыз тили” коомунун президенти Р. Курбанов, журналист, котормочу, аналитик  Ж.Касаболотов, теолог-эксперт Маликов Кадыр, публицист, теолог, блоггер Кочкор уулу Элмурат, «Альфа Телеком» ЖАКтын тил адиси, котормочу С. Молдогазиева, "Скай Мобайл" ЖЧКнын башкы директору А.Пятахин, “ARIP_SCOOL” жеке каналынын негиздөөчүсү К.Кадыркулова, “Тилимпоз” социалдык долбоордун негиздөөчүсү Т. Нурдинов, мындан сырткары, Улуттук комиссияга караштуу “Кыргыз” энциклопедия жана терминология борборунун, “Кыргызтест”  мекемесинин, Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун жетекчилери, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары, кызматкерлери катышты.

         «Бүгүнкү жыйындын алкагында талкууланган маселелерди чечүүдө мамлекеттин негизги символу, улуттун нукура касиети катары кыргыз тилинин кадыр-баркы мындан ары да көтөрүлүүгө тийиш жана мамлекеттик тилге кам көрүү, өркүндөтүү аны сактоо, жашоо-турмушубузга кеңири жана терең киргизүү - ар бирибиздин милдетибиз экенин унутпайлы», - деди Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев.
          Жыйындын жүрүшүндө эркин талкуудан сырткары, суроо-жооптор орун алып, жыйынтыгында мамлекеттик тилдин диний чөйрөдө колдонулушу, диний терминдердин кыргызча аталыштары жана котормо маселелерин бирдейлештирүү боюнча сунуштар айтылды.

Архив