“Мамлекеттик тилди окутууну санариптештирүү жана жаңы инновациялык ыкмаларды колдонуу” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү

Бүгүн 2024-жылдын 22-майында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору тарабынан “Мамлекеттик тилди окутууну санариптештирүү жана жаңы инновациялык ыкмаларды колдонуу” аталыштындагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. 

Конференцияга КР Президентинин Администрациясынан стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы  Октябрь Капалбаев,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов, ЖОЖдордун эң алдыңкы тажрыйбалуу, заманбап ыкмада сабак өткөн окутуучулар жана санарип дүйнөсүндө жаңылык жараткан жаштар ошондой эле Улуттук комиссияга караштуу “Кыргыз” энциклопедия жана терминология борборунун, “Кыргызтест”  мекемесинин, Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун жетекчилери катышты.

Конференциянын максаты  мамлекеттик тилди окутууда заманбап жаңы инновациялык ыкмаларды колдонуу, талапка ылайык санариптештирүү,  тилди үйрөтүүдө кызыктуу, жеңил жана жеткиликтүү окутуу аркылуу мамлекеттик тилдин теориялык жана практикалык  маанисин баалоого арналды.

Мындан тышкары баяндамачылар тарабынан кызыктуу баяндамалар жасалып, келечек муунду тарбиялоодо мамлекеттик тилдин ролун өстүрүү, окутуучу, тренерлер ортосундагы байланышты чыңдоо, бирдиктүү иш алып баруу боюнча сунуштар айтылып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Архив