НЕКРОЛОГ - АБЫЛАЕВА НУРИЯ

84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, окутуу орус тилиндеги класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китептеринин автору, кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин устаты, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө зор салымын кошкон алдыңкы агартуучу Абылаева Нурия Абылаевна дүйнөдөн кайтты. 

Абылаева Нурия Абылаевна 1940-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында туулган. 1967-1972-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда «Орто  мектептер үчүн кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистиги боюнча билим алган. 1972-1991-жылдары Бишкек шаарындагы № 58 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. 1991-1998-жылдары Фрунзе шаарындагы Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда улук окутуучу болуп иштеген жана алгачкылардан болуп, мугалимдерге окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун усулун үйрөткөн. 1998-жылы №27 орто мектепте иштеген. 1999-жылдан тартып 2024-жылдын май айына чейин Бишкек шаарындагы № 57 орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими, директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары болуп иштеген. Нурия Абылаевнанын 2 кыз, 3 уул, 10 небереси бар.

Нурия Абылаевна окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1, 3, 4, 10, 11-класстары үчүн «Кыргыз тили» окуу китептеринин автору, 3, 4-класстар үчүн «Методикалык колдонмо» китебинин автору, 9-11-класстар үчүн «Кыргыз тили боюнча сабактардын календарлык планы жана сабактардын көргөзмөлүү иштелмелери» колдонмосунун автору,  «Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 4, 8-класстар үчүн дидактикалык материалдары» китебинин авторлорунун бири, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 1, 3, 4, 10, 11-класстар үчүн «Кыргыз тилинин 27 сабагы» аталышындагы дидактикалык колдонмонун автору, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги 1-класс үчүн «Жумушчу дептер» колдонмосунун автору. Ошондой эле ал мугалимдерге жардам катары 1, 7, 10, 11-класстардын иштелмелерин, 1-11-класстардын календарлык планын, ошондой эле 10-11-класстардын окуучулары үчүн «Кошумча көнүгүү», «Көргөзмөлүү сабактын шилтемелерин» иштеп чыккан. 

Абылаева Нурия Абылаевна «Кыргыз ССРинин элге билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, «Эмгек ардагери» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коомунун   «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйланган,   ага «Методист мугалим» сыйлыгы берилген. 

Нурия Абылаеванын күжүрмөн эмгеги татыктуу бааланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамы ыйгарылган.

          Абылаева Нурия Абылаевна өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал билим берүү тармагында өз доорунун мыкты өкүлү жана жаштардын ардактуу устаты болгон. Ал өмүрүн балдарга, мектепке, билим берүү тармагына, мамлекеттик тилибиз – кыргыз тилине арнаган алдыңкы методист мугалим болгон! 

          Кыргызстандын татыктуу кызы Абылаева Нурия Абылаевнанын жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

         Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.


Э.Ж.Байсалов

Д.Ш. Кендирбаева

М. Мураталиев

А. Акматалиев

С. Мусаев

Н. Абдесов

И. Акматов

С.К. Рысбаев

Б.Б. Топоева-Ставинская

Т.Н. Абылкасымова

М. Өмүрбеков

Г.У. Ибраимова

Э.К. Ниязбекова

Р.И. Мусаева

К. Оболова

А.Т. Турдакунова

К.Ж. Иманкулова

Э.Т.Абдыкасымова

К.О.Райымбекова

З.М.Темирбекова

А.Оторбаева

Ж.Исмаилов

Ж.Б. Дүйшөнбекова

А.М. Исмаилова

К.Ж. Чоткараева

С.Ш. Маткеримова

А.И. Сыдыкова

А.К. Абдрасулова

А. Ходжебекова

С. Кубанычбек кызы 


Архив