Тил саясаты аркылуу мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдөө

Бүгүн 23-майда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына карата «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышында жыйын өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты: мамлекеттик жана муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери арасында мамлекеттүүлүк менен мамлекеттик тилдин өз ара тыгыз байланышын, маанисин ачып берүү, даңазалоо, жарандардын мамлекеттик тилге карата болгон аң сезимин өстүрүү, кыргыз элинин жана мамлекетинин бай тарыхын, маданиятын, нарк-насилин, “Манас” эпосун, салт-санаасын, философиясын, дүйнө таанымын мамлекеттик тил аркылуу таанытуу менен жарандык аң сезимин калыптандыруу, ошону менен катар «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын жүзөгө ашыруу.

Аталган жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев, Улуттук комиссиянын тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г.А.Кыштобаева баштаган Чүй облусунун, райондук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын ж.б. кызматкерлери катышышты. 

Алгач Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» темасында кеңири баяндама жасады. Андан соң Чүй облусунун аймагында өткөрүлгөн “Тил жана нарк” 100 күндүк акциясынын жыйынтыктары чыгарылды. 

Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмү тарабынан даярдалган Чүй облусунун мекеме-уюмдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн, билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилде билим берүүнүн абалы, жарнама ж.б. мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу аналитикалык маалыматы менен тааныштырылды. 

Жыйынтыгында берилген суроо, сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамынын талаптарын аткаруу, Чүй облусунун мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлери, мектептердин кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдери, бала-бакчалардын тарбиячылары үчүн пилоттук окутуу семинарларын уюштуруп-өткөрүү маселелери макулдашылды. 

Архив