Улуттук комиссия “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу эл аралык көргөзмөнүн алкагында муундардын баарлашуусун өткөрдү
2024-жылдын 17-майында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия "Аталар Изи" коомдук фондунун жетекчиси Асел Калканова менен биргеликте  КР Улуттук тарых музейинде Туркиянын Ван аймагынын Улуу Памир айылынан келген этникалык кыргыздардын азыркы абалы, тили, маданияты боюнча ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери менен муундардын баарлашуусун өткөрдү.


Иш-чарага Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова катышып, ал эми ушул эле борбордун окутуучусу жана Кыргыз билим берүү академиясынын  Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери  Айдай Бекбоева атайын баяндама жасап, бөбөктөр үчүн жазылган автордук китептерин белекке тапшырды.


Улуу Памир айылынан келген этникалык кыргыздар тарабынан мүмкүнчүлүккө жараша алардын аймагында 40 күндүк окууларды уюштурууну жана кыргызча китептер менен камсыздап берүү боюнча сунуштар айтылды.


Мындан сырткары көргөзмө 20-21-майда Ош облусунда уюштурулгандыктан, жогорудагы муундардын баарлашуусу да Ош шаарындагы жаштар арасында Улуттук комиссиянын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагуль Телекманованын жана  кызматкерлеринин катышуусунда өттү.


Бул эл аралык көргөзмө өлкөбүз үчүн чоң мааниге ээ, анткени кыйырдагы кыргыздар касиети жогору кол өнөрчүлүк талантты аркалап, улуттук баалуулуктарыбызды, маданиятыбызды, тилибизди ушул мезгилге чейин сактап, күнүмдүк турмушта колдонуусу  кыргыз дүйнөсүнүн баалуулугун дагы да арттыруу менен бирге мекенибиз менен тыгыз байланышты түзөт.
Архив