Улуттук комиссиянын аймактарды өнүктүрүү бөлүмү 20 мекемеге мониторинг жүргүздү

2024-жылдын 20-майынан 24-майына чейин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн апталык түзүлгөн иш планына ылайык, Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мамлекеттик мекемелериндеги иш кагаздарынын мамлекеттик тилде таризделишине мониторинг жүргүзүлдү.

Алар:

  1. КР ӨКМнин  Борбордук аппараты;
  2. КР ӨКМге  караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти; 
  3. КР ӨКМге караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти; 

4. КР ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору; 

5. КР ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы; 

6. КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгы;

7. КР ӨКМнин Сел  жана суу ташкындарынан коргоо кызматы; 

8. КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору; 

9. КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, 

божомолдоо департаменти;

10. КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы; 

11. КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы; 

12. КР ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматы; 

13. КР ӨКМге караштуу “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ош борбору” МИ (Нариман айылы);

14. КР ӨКМнин 81497 аскер бөлүгү - Республикалык өзүнчө куткаруу отряды (Жапалак айылы);

15. КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы;

16. Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;

17. Жалал-Абад облустук Гидрометеорология кызматы;

18. КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы;

19. КР ӨКМнин Баткен шаардык бөлүмү;

20. КР ӨКМнин Баткен райондук бөлүмү.


Эскерте кетсек, буга чейин да аймактарды өнүктүрүү бөлүмү тарабынан бир канча мекемелерге иш кагаздарын туура тариздөө боюнча эскертүүлөр берилип, калыбына келтирилген.

Ал эми бул ирет айрым мекемелерден кыргыз жазуучуларынын китептерин жана улуттук баалуулуктарыбызды чагылдырган жасалгаларына да күбө болдук.

Архив