2024-жылдын 28-майында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдында түзүлгөн Терминология комиссиясынын кезектеги кеңейтилген жыйыны болуп өттү.
Жыйында Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү менен жакындан таанышып, ой пикирлерин жана сунуштарын укту.
Мындан сырткары, Курманкан Абдиева тарабынан түзүлгөн “Маалымат технология адистиктери үчүн” кыргыз тили аталышындагы термин, сөздөрдү камтыган окуу куралы комиссиянын талкуусуна коюлуп, жыйынтыгында кыргыз тилин улантуучу топторго арналган эмгеги атайын китеп кылып басып чыгарууга сунушталды.
Жогорудагы аталган окуу куралы кыргыз тилин кесиптик багытта окутууга арналып, маалымат технологияларына байланыштуу терминдердин негизги түшүнүктөрүн ажыратып билүүгө үйрөтөт.