Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ош шаарына иш сапар менен барды

Бүгүн 30-майда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов менен жолугушту.

            Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарындагы мамлекеттик тил багытында жасалып жаткан жакшы иштер  баса белгиленип, алдыдагы аткарылчу иштер  талкууланды.

            Мындан сырткары, Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич аймактардагы мамлекеттик тилдин абалы менен жеринде таанышат жана мерчемделген бир катар иш-чараларга катышат.

            Эскерте кетсек, Улуттук комиссиянын аймактарда (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча)  мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан төраганын тапшырмасына ылайык, мекемелерге мониторинг жүргүзүлүп келет.

Архив