Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракеси белгиленди
2024-жылдын  31-майда Ош шаарында ОшМУнун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу               иш-чаралар башталып, анын алкагында “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аталышындагы эл аралык форуму өттү.


Форумдун алкагында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев "Бизнес, мамлекеттик бийлик, билим берүү жана илим интеграциясын илгерилетүүдө медианын таасири" аталышындагы №4 панелдик сессиясынын ишине катышты. 


Маараке А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулган чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталды.


Ош мамлекеттик университети мааракеңиздер менен куттуктайбыз!
Архив