Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы түзүмдөрү менен мамлекеттик тилдин абалы боюнча жыйын өттү
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев май айындагы Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында КР ӨКМ Ош облустук башкармалыгынын, КР ӨКМ  Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун, КР ӨКМ караштуу 81497 аскердик бөлүгүнүн жетекчилери жана кызматкерлери менен жолукту.


Жыйындын жүрүшүндө Улуттук комиссиянын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагуль Телекманова тарабынан жогорудагы аталган мекемелерде иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын аткарылышы боюнча баяндама жасады.


Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев өзгөчө кырдаалдар учурунда кайрылган жарандардын чалууларына мамлекеттик тилде жооп берген адистердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, жетекчилердин жана кызматкерлердин айтылган сунуштарын угуп, тиешелүү суроолоруна кенен маалымат берди.
Архив