Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев окуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга сертификат тапшырды

Бүгүн 5-июнда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору тарабынан уюштурулган 2 айлык курстун жыйынтыгына ылайык, КР Ички иштер министрлигинин Атайын байланыш кызматы агенттигинин 15 кызматкерине (В2 деңгээли боюнча), ал эми КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин  18 кызматкерине  (В1 деңгээли боюнча), 20 кызматкерине (А2 деңгээли боюнча) иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү  жана   “Кыргызтест” системасына даярдоо боюнча курстан өткөндүгү тууралуу сертификат тапшырды.

Окуу курсуна жазылып, билим деңгээлин дагы да тереңдетип, мамлекеттик тилибизди мамлекеттик мекемелерде сабаттуу жазууга үйрөнгөн кызматкерлерге ийгилик каалоо менен бирге Улуттук комиссияга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, тыгыз кызматташкан окутуучуларга ыраазычылык билдиребиз!

Белгилей кетсек Окуу-маалыматтык жана котормо борбору мамлекеттик тилди эркин өздөштүрүүсү үчүн окутуу иштерин жүргүзүүчү жана котормо иши боюнча кызмат көрсөтүүчү түзүмдүк мекеме болуп саналат.


Толук маалымат алуу үчүн  (0312) 21-01-51;  0700 43 35 08;  okuu.borboru24@gmail.com

Архив