КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ ӨТТҮ
Бүгүн, 7-июнда “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги” аталышында республикалык форуму өттү.


“Билим берүү жана илим министрлиги  Marshall Cavendish Education басма үйү менен 1-11-класстар үчүн математика жана табигый илимдер, 6-класстар үчүн англис тили боюнча окуу материалдарын которуу жана адаптациялоо укугун алуу жөнүндө келишимге кол койду. Эгерде мурда окуу китептери англис тилинен орус тилине, андан соң кыргыз тилине которулуп келсе, эми англис тилинен түз кыргыз тилине которулат”, - деп билдирди республикалык форумда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.


Республикалык форумга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышып, бул долбоор Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун биргелешкен планын негизинде уюштурулуп жаткандыгын ошону менен бирге мамлекеттик тилди жайылтуу жана колдонуу азыркы учурдун талабы экендигин белгиледи.
 
Форумдун жүрүшүндө кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү тажрыйбалар боюнча мастер-класстар жасалып, баяндамалар окулуп, форумга мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, аймактардан чакырылган кыргыз тили жана адабияты  мугалимдери, коомдук уюмдар катышты.
Архив