Төрага Мелис Мураталиев мамлекеттик мекемелердеги мамлекеттик тил маселеси үчүн жооптуу кызматкерлер менен жолукту

Бүгүн 11-июнда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев КР министрлик, ведомстволорунун, мамлекеттик органдардын, уюмдарда мамлекеттик тил маселеси үчүн жооптуу кызматкерлер менен кереге кеңеш өткөрдү.

 Күн тартибинде Улуттук комиссия тарабынан демилгеленип жаткан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун http://koomtalkuu.gov.kg/kg бирдиктүү порталына жайгаштырылган «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо, ошондой эле мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин абалы, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу кызматкерлердин компетенциясы («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамынын 39-беренеси), иш милдеттери, иш көлөмүн аныктоо боюнча токтом долбоорун иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору боюнча айтылган сунуш-пикирлерди карап чыгуу,  тил адистеринин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу, жоопкерчилиги белгиленип, алардын иш милдеттерин,  иш көлөмүн аныктоо боюнча КР Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыгуу, термин маселелери боюнча биргелешип иштөө макулдашылды.

Архив