Кыргыз улуттук агрардык университетинде агрардык багыттагы терминдерди мамлекеттик тилде өнүктүрүү маселеси каралды
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев жана түрколог, окумуштуу  К. Конкобаев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Р.З. Нургазиев менен жолукту.


Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын проректору, декандары жана кафедра башчылары менен биргеликте агрардык багыттагы терминдерди мамлекеттик тилде өнүктүрүү маселеси талкууланды.


Төрага М.Мураталиев «Айыл чарбасына багытталган окуу куралдарды жана илимий эмгектерди  мамлекеттик тилде басып чыгаруу азыркы учурдун талабы болгондуктан, терминдерди бирдейлештирүү боюнча Улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору менен биргеликте иш алып баруу абзел», - деди.
Архив