НАРЫНДА «МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮК жана МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ЖЫЙЫН ӨТТҮ
Бүгүн 20-июнда Улуттук комиссия тарабынан Нарын облусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына карата «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын өттү.


Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары Адыл Сапаров, Абдырайым уулу Шабдан, облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын, муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери катышты.


Жыйындын жүрүшүндө Нарын облусунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн, билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилде билим берүүнүн абалы, жарнама ж.б. мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү маселелер талкууланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.


Эскерте кетсек, буга чейин облустарда мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча Чүй, Ош облустары менен биргеликте жыйын өткөн. Алдыда Талас жана Ысык-Көл облустарында жеринде таанышуу иштери мерчемделүүдө.
Архив