Баткен шаарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардагы аталыштарда жана көрүнөө маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери жүргүзүлдү
2024-жылдын 26-июнунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Баткен шаарынын  мэриясы, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан Сайдыман ажы, М.Нургазиев көчөлөрүндө жайгашкан коомдук тамактануучу жайларда, кафелерде, ашканаларда жайгаштырылган  сырткы аталыштарын, жарнамаларын жана ичиндеги көрүнөө маалыматтарды, тамак-аш аталыштарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында  жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча мониторинг жума сайын жүргүзүлөт.
Архив