Ош шаарында жарнама боюнча рейд жүргүзүлдү

2024-жылдын 3-июлунда Улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери жана Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте Ош шаарынын көчөлөрүндө илинген жарнамалар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын жарнама чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилди колдонуу талаптарына ылайык келтирүү, шаардагы тамактануучу жайларда, кафелерде, ашканаларда жайгаштырылган көрнөк, жарнамаларды иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ош шаарынын Манас-Ата айылдык аймактык башкармалыгынын  А.Масалиев, Ж. Раимбеков көчөлөрүндө жайгашкан объекттер текшерилип, эскертүүлөр берилди жана мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, грамматикалык каталар орун алган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген көрнөк, жарнамалар алынып салынды.

Тешерүүнүн жүрүшүндө ишкана ээлерине жарнамаларды жайгаштырууда "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамдын талаптарын сактоо милдеттендирилди.

Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамаларды 1 айлык мөөнөттө оңдоо, иретке келтирип илүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Ош шаарынын көчөлөрүнүн сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү иштери дагы улантылат. 

Архив