Талас облусунда «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын өттү

2024-жылдын 9-июлунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына карата «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы кезектеги жыйындын отуруму Талас облусунда өттү.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басара М.Сейдикеримова, облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын, муниципалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери катышып, Талас облусунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн, билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилде билим берүүнүн абалы, жарнама ж.б. мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды.

Жыйындын алкагында Улуттук комиссия Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Талас Мамлекеттик университетинин ректору Шаршембиев Жыргалбек менен жолугушуп, мамлекеттик тилди жеринде жайылтууга арналган окутууларды уюштурууну жана тил саясатын жүргүзүүгө багытталган иштерди аткаруу максатында Меморандумга кол коюшту. 

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө жана окуу жайдын китепканасына Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган терминологиялык сөздүктөрдүн 10 томдугу тапшырылды.


Жыйынтыгында берилген маалыматтардын, айтылган ой-пикирлердин жана сунуштардын негизинде төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:


  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, райондук мамлекеттик администрацияларда, мекеме-уюмдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
  2. Жарнама, көрнөктөрдүн мамлекеттик тилдеги тексттерин жөнгө салуу максатында облустук, райондук архитектура мекемелеринде лингвист-эксперт штаттык бирдигин кароо;
  3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 39-беренесине ылайык мекеме-уюмдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жүктөмү милдеттендирилген кызматкердин иш ордун штаттык бирдиктин алкагында чечүү; 
  4. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларды «Кыргызтесттен» өткөрүү жана алардан иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү талап кылуу;
  5. Облус аймагындагы мекеме-уюмдарда, калкты тейлөө пункттарында, тез жардам, өрт өчүрүү, байланыш, калкты тейлөө борборлорунда (КТБ), коомдук тамактануу жайларында ж.б. жерлерде мамлекеттик тилдин колдонулушун көзөмөлгө алуу;
  6. Билим берүү (мектепке чейинки, жалпы орто билим берүү) мекемелеринде тарбиячылардын, мугалимдердин (жалпы предметтик сабактар боюнча) квалификациясын жогорулатуу багытында Улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борбору менен биргеликте окутуу курстарын уюштуруу; 
  7. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мамлекеттик тилге окутуп, иш кагаздарын КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы №120 токтому менен белгиленген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасынын талаптарына ылайык мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү максатында окуу курстарын Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору менен биргеликте уюштуруу;
  8. Иш кагаздарын тариздөөдө термин маселелерин бирдейлештирүү жана иретке келтирүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору менен иш алып баруу.


Архив