Сүлүктү шаарында жарнамалык мааалыматтардын мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча рейд жүргүзүлдү

Сүлүктү шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил адиси менен бирге тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери тарабынан Кош-Булак аймагында рейд жүргүзүлдү.

Аталган аймакта жайгашкан объекттер текшерилип, эскертүүлөр берилди жана мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, грамматикалык каталар орун алган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген көрнөк, жарнамалар алынып салынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана ээлерине жарнамаларды жайгаштырууда "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамдын талаптарын сактоо милдеттендирилди.

Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамаларды 1 айлык мөөнөттө оңдоо, иретке келтирип илүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Архив