Мамлекеттик тилдин банк чөйрөсүндөгү абалы

2024-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен «Элдик Банк» ААК мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган Кызматташуу келишимине кол коюшту.

Документке кол коюу аземине Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана “Элдик Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев катышты. 

Кызматташтык аркылуу семинарларды, тренингдерди, курстарды жана кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган башка иш-чараларды биргелешип өткөрүү аркылуу банкта мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө негизделген. 

Мындан тышкары Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү жолдорун табуу максатында илимий жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен тегерек столдорду өткөрүү пландаштырылууда.

Архив