Ош шаарындагы диний мекеме-уюмдарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча рейд жүргүзүлдү
Бүгүн 30-июлда Улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү жана Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү  менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги көрүнөө маалыматтар жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Эскерте кетсек, буга чейинки текшерүүлөрдүн натыйжасында Ош шаарындагы мечиттерде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын бузган жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине туура келбеген каталар жоюлуп, Ош шаарынын казыяты тарабынан мыйзам чегинде калыбына келтирилген. 


Алдыда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер дагы да улантылат.
Архив