Кыргызстанда биринчи жолу шаарлардын жашоого туруштук берүү тармагында англис-орус-кыргыз тилинде сөздүк иштелип чыкты
2024-жылдын 31-июлда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Кыргызстан үчүн шаарлардын жашоо туруштугу тармагында англис-орус-кыргыз тилиндеги сөздүктүн  ачылышына катышты.


Эл аралык терминдерди кыргыз тилинде стандартташтыруу демилгеси “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын колдоо максатында ишке ашырылган.


Жогорудагы аталган сөздүк  эксперт Чынара Сапарованын демилгеси менен иштелип чыгып, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Темирбек Осмоналиев, борбордун кызматкери Ысмайыл Кадыров жана КР  Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан колдоого алынып, долбоор жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган бүтүрүүчүлѳрдүн чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган.


Сөздүктүн курамында англис тилиндеги эл аралык адабияттын түрдүү булактарынан алынган 111 термин бар жана аларды кыргыз тилине которуу долбоордун демилгечиси тарабынан Юдахин, Эл-Сөздүк сыяктуу түрдүү булактардын жардамы менен ишке ашырылган.
Архив