Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен “Тилимпоз” коомдук фондунун ортосунда КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМИНЕ кол коюлду
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен “Тилимпоз” коомдук фондунун ортосунда КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМИНЕ кол коюлду.


“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү тил саясатын жүргүзүү жана мамлекеттик тил багытындагы ар тараптуу иш-чараларды жана долбоорлорду аткарууну колго алуу максатында Кызматташуу келишими түзүлдү.


“Тилимпоз” социалдык долбоору бир нече жылдан бери үзүрлүү аралыгында мамлекеттик тил саясатын жүргүзүүдө жана аны өнүктүрүүдө, анын ичинде социалдык тармактардагы ишмердүүлүк, кыргыз жарандарынын арасындагы сабаттуулукту жогорулатуу, заманбап кыргыз тилин жайылтуудагы форумдар жана ар деңгээлдеги иш-чаралар, мамлекеттик тил мыйзамын аткаруудагы жигердүүлүк, Кыргызстан боюнча “Катасыз кыргыз тили” өнөктүгү, жазуу эрежелерин жайылтуу сыяктуу иштер. Ишинин өзгөчө бөлүгүн жаңы технология багыты түзөт. Бул жасалма интеллект, сайт, колдонмону иштеп чыгуу дагы абдан чоң эмгек.


“Тилимпоздун” мүчөлөрү ыктыярчылыктын, мекенчилдиктин үлгүсүн бардыгыбызга көрсөтүп келүүдө. Иш токтобой, биргелешкен кызматташтык дагы жаңы деңгээлге чыгарын  Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев баса белгиледи.
Архив