Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери менен жолукту
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамын аткаруу максатында  “Эне тилде сүйлөөнүн маӊызын тереӊдеп түшүндүрүү, мамлекеттик тилде эркин жана көркөм сүйлөөгө үгүттөө” темасында атайын сабак өткөрүлдү.


 Аталган сабакты Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев өтүп, сабакка Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору генерал-майору
У. Шаршеев ошондой эле КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын борбордук аппараты жана башкы штабынын өздүк курамы катышты.


 Төрага М. Мураталиев өлкөбүздүн тынчтыгын күзөткөн Чек ара кызматынын кызматкерлерине мамлекеттик тилдин орду, кыргыз маданиятынын калыптанышы жана тарыхы тууралуу кенен токтолуп, кызыктырган суроолоруна жеринде жооп берди.
Архив