«КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨШӨБҮЗ» аталышындагы окуу-методикалык колдонмо жарыкка чыкты

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кабыл алынышы менен мамлекеттик тилди билүүгө коюлган жоопкерчилик да, тилди окутууга коюлган талаптар да кыйла жогорулады. Ушундан улам кыргыз тилин жаңыдан үйрөнүп жаткан жарандар үчүн жеңил жана кызыктуу окуу куралдарынын, түрдүү колдонмолордун иштелип чыгуусу мезгил талабы болууда.

2024-жылы басылып чыккан «КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨШӨБҮЗ» аталышындагы окуу-методикалык колдонмо «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди «Баштапкы» (А1) деңгээлде үйрөтүү үчүн иштелип чыкты. 

Бул колдонмо тил үйрөнүүчүлөргө А1 деңгээлинде күнүмдүк-тиричилик жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде баштапкы коммуникативдик байланышты түзө билүүгө үйрөтөт. Колдонмодо А1  деңгээлинин лексикалык жана грамматикалык минимумдарынын алкагында сүйлөшүүнү камсыз кылган сөздөр, сөз айкаштары, негизги этикеттик сөздөр, чакан тексттер, диалогдор жана грамматикалык справочник камтылган.

Тилди үйрөтүүдө төрт көндүмдү бирдей өркүндөтүп туруу абдан маанилүү болгондуктан, сунушталып жаткан окуу-методикалык колдонмодо улуттук «Кыргызтест» системасынын А1 деңгээлинин талаптарына ылайык чакан көлөмдөгү текстти же билдирүүнү окуп, жалпы маанисин түшүнө билүүсүн («Окуу» субтести), чакан көлөмдө так жана жай айтылган аудио маалыматтын жалпы маанисин түшүнө алуусун («Угуу» субтести), кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн оозеки («Сүйлөө» субтести) жана жазуу жүзүндө («Жазуу» субтести) билдире алуусун жана грамматикалык эрежелерди өздөштүрүү менен аларды орундуу колдоно билүүсүн калыптоого багытталган тапшырмалар берилди. Деңгээлдик системага ылайык бардык көндүмдөр боюнча көнүгүү иштери камтылып, жооптордун оң жана терс формалары таяныч чиймелер аркылуу көрсөтүлдү. Бардык тил үйрөнүүчүлөргө (этносуна карабастан) бирдей кызыктуу болуусу үчүн тапшырмалар түрдүү татаалдыкта (дифферендделген нукта) ырааты менен иштелип чыкты. Тилди жаңыдан үйрөнө баштаган адамдар жаңы сөздөрдү, фразаларды так, туура айтууга көнүгүүсү үчүн чакан тексттер, диалогдор QR-код аркылуу берилди. QR-код аркылуу айтылып жаткан аудио фразаларды тил үйрөнүүчү эталон катары кабыл алып, сөздөрдү ошол ыргакта, интонацияда айтууга жетишүүсүнө өбөлгө түзүлмөкчү. 

Колдонмо кыргыз тилин чет тил катары окутуп жаткан мугалимдерге, студенттерге, кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүүчүлөргө арналат.


Архив