«Кыргызстандагы билим берүүнүн азыркы учурдагы парадигмалары жана тенденциялары» аттуу кереге кеңеш өттү

2024-жылдын 12-14-август күндөрү З. Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинде «Кыргызстандагы билим берүүнүн азыркы учурдагы парадигмалары жана тенденциялары» аттуу кереге кеңеш өттү. 

Кереге кеңеште Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Мамлекеттик тил жана билим берүүдөгү окутуу тили” аталышында доклад окуп, билим берүүдөгү мамлекеттик тилдин абалына токтолду. 

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, билим берүү тармагына салым кошуп келе жаткан академик, профессорлор, коомдук ишмерлер жана билим берүү тармагында иштеген уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кереге кеңеш “ОРДО” диалог платформасы” коомдук фонду жана «Кут Билим» медиа борбору менен биргеликте уюштурулду. 

 Кереге кеңештин модераторлору:
 1. тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Сулайманович Ормушев;
 2. журналист, публицист, “Кут Билим” медиа борборунун директору Кубат Асангазиевич Чекиров;

 Кереге кеңеште төмөнкү докладдар окулду:

 1. Алмаз Токтомаметов, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору: “Кыргызстандын билим берүү тармагын трансформациялоодо мугалимдин ролу”.
 2. Мелис Мураталиев, Мамлекеттик тил жана тилдер саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: “Мамлекеттик тил жана билим берүүдөгү окутуу тили”.
 3. Нурлан Кудайбердиев, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Президенти: “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси жана Кэмбридж системасы”.
 4. Гапыр Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими: “Бүгүнкү билим берүүнү өнүктүрүүнүн алгылыктуу жолдору”.
 
5. Бурул Макенбаева, KG Analytics КФнун Байкоо кеңешинин мүчөсү: “Школьные учебники в Кыргызской Республике: проблемы и решения”.

Архив