“Кыргыз тили жана адабиятын окутууда заманбап технологиялар: этнопедагогика жана келечекке карай кадам” аталышта август кеңешмеси өттү

2024-жылдын 26-августунда Бишкек  шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №101 жалпы орто билим берүү мектебинин базасында  окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн  мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн “Кыргыз тили жана адабиятын окутууда заманбап технологиялар: этнопедагогика жана келечекке карай кадам” аталышта август кеңешмесин өткөрдү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси  Сооронбаева Айнура Аляскаровна, Кыргыз Билим берүү академиясынан, Республикалык кайра даярдоо институтунан адистер жана алдыңкы мугалимдер  катышып, тренинг-семинар өткөрүлдү.

Тренинг этнопедагогика жана заманбап технологиянын айкалышуусун ачып көрсөттү. Мугалимдер активдүү катышышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты. 

Август кеңешмесине жалпысынан  180 кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышты.  Жаңы окуу жылына карата усулдук маалыматтарды алышып, кеңешменин аягында Манас таануу интелектуалдык таймашта топторду республикалык деңгээлге алып чыккан мугалимдерди сыйлоо менен  август кеңешмеси ийгиликтүү аяктады.

Архив