Маданият министрлигинде кызматкерлер үчүн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы окуу курсу башталды
2024-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы бир айлык окуу курсу башталды.


Окуу курсунун ачылышына министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Сейдалиев Канатбек Шакирович жана окуу курсуна катыша турган Министрликтин жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.


Аталган окуу курсу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык, Министрликтин кызматкерлери 2023-жылдын март айынан ушул күнгө чейин мамлекеттик тилде даярдаган ченемдик укуктук актыларга, ведомстволук буйруктарга жана мекеме-уюмдарга жазган каттарга мамлекеттик тил боюнча адистер тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун негизинде атайын даярдалган программага ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Архив