Улуттук комиссия менен «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» Ачык акционердик коомунун ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду

Бүгүн  4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы  Мураталиев Мелис Казакбаевич жана «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» Ачык акционердик коомунун төрагасы Калдарбеков Элдияр Султанович тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында кызматташтык келишимине кол коюшту.

Келишимдин негизги максаты –  мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча бирдиктүү аянтча түзүү;

 Тараптардын ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө биргелешкен конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү жана презентацияларды өткөрүү;

Биргелешкен программаларды ишке ашыруу;

Кызматташуунун алкагында маалымат алмашуу;

Көчмө лекцияларды жана вебинарларды өткөрүү;

Өнөктөштүктү бекемдөө максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүү жана мындай иш-чараларга колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Архив