“Мамлекеттик кызматкер “Манас” окуйт!” ДОЛБООРУ башталат
Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев Кыргыз радиосунун башкы редактору Т.Сыдыкбекова жана радионун журналисттери Ж. Мырзабекова, А.Дастановдор менен буга чейинки аткарылган иштер жана алдыдагы пландар боюнча жолугушту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Кыргыз радиосу менен биргеликте КР Президентинин 2022-жылдын  22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында мамлекеттик жарандык  жана муниципалдык кызматчылардын арасында “Мамлекеттик кызматкер “Манас”  окуйт!” долбоору демилгеленип, 2024-жылдын 9-сентябрынан тарта радионун түз эфиринен аптасына эки жолу уктуруу боюнча макулдашылды.


Долбоордун максаты:
- “Манас” эпосун жайылтуу;
- Нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандыруу;
- Мамлекеттик тилге жана салттуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин сүйлөө маданиятынын сабаттуулугун жогорулатуу ж.б. болуп эсептелет.


Долбоордун алгачкы баскычында Улуттук комиссиянын борбордук аппаратынын жана Улуттук комиссияга караштуу мекемелердин кызматкерлери  “Манас” эпосунун кара сөз түрүндөгү вариантын көркөм окушат.


Улуттук комиссия баштаган  чыгарма аяктагандан соң “Мамлекеттик кызматкер “Манас”  окуйт!” долбоорунун кийинки айлампалары башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан да улантылат. 
Эскертүү‼️
“Мамлекеттик кызматкер “Манас”  окуйт!”долбоору дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү 8:40та Кыргыз радиосунун  түз эфиринен уктурууга чыгат жана социалдык баракчага видеолору жарыяланат!
Архив