«Манас» эл аралык аэропорту» ААКта мамлекеттик тилдин 35 жылдык маарекеси белгиленди

Бүгүн 19-сентябрда «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунда  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдык мааракеси белгиленди.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортунун бардык кызматкерлери катышты.

Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев тарабынан Башкармалыктын жетекчисине атайын “Кыргыз тили” төш белгисин жана андагы мамлекеттик тилге салым кошкон кызматкерлерди Ардак грамота менен сыйлады. 

Эскерте кетсек, 2021-жылдын июнь айында «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү түзүлүп, 2022-2024-жылдар аралыгында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын окуу-маалыматтык жана котормо борбору менен биргеликте «Манас» эл аралык аэропортунун жүздөн ашык кызматкерине мамлекеттик тилде иш кагаздарын алып баруу боюнча окутуулар уюштурулуп, тастыктамалар берилген. 

Башкармалыктын төрагасы М. Самидинов  «Манас» эл аралык аэропорту иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өткөндүгүн жана бардык түзүмдүк бөлүмдөрү мамлекеттик, коомдук мекемелер жана жарандык коом менен иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө жана аэропорттогу администрациялык жана өндүрүштүк жыйындар, алардын протоколдору мамлекеттик тилде ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому кыргыз тилин аэропорттун жетекчилиги баштаган бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери өз ишинде кесипкөй колдонуп жаткандыгына сыймыктанып,   мааракенин алкагында, мамлекеттин жарандарына жана аэропорттун кызматкерлеринин арасында  «Манас» эл аралык аэропорту – Асман бизден башталат!» аттуу автордук ырга конкурс жарыяланып, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан аткарылган иштердин кыскача видео-маалыматы жана аэропорттун бардык кызматтарынын ортосундагы түрдүү тематикадагы конкурс, ыр-бийлер менен жыйынтыкталды. 

Архив