2024-жылдын 23-сентябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын ведомстволорунун өкүлдөрү, Жогорку окуу жайлардын ардактуу профессорлору, окутуучулары, коомдук ишмерлер, коомдук уюмдар, жаштар ж.б. ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Иш-чарада Улуттук комиссиянын атайын сыйлыктары жана Улуттук комиссия тарабынан Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылат.
Мындан тышкары салтанаттуу иш-чарада Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, жыйынтыгында «Ырдайлы кыргыз ырларын» концерттик программасы менен коштолот.
(Байланыш үчүн номер: 0706 999 303)