«Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” кыргыз тилин жеңил үйрөнүүчү мобилдик колдонмосу иштелип чыкты
2024-жылдын 21-сентябрында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” кыргыз тилин жеңил үйрөнүүчү мобилдик колдонмосунун А1 деңгээлинин таанытымы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү А. Исманкулова, Кыргызстан калкы ассамблеясы кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимов, Кыргызстан элинин ассамблеясынын жана диаспора өкүлдөрүнүн мүчөлөрү ошондой эле студенттер катышты.
Иш-чараны Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ачып, заман талабына жараша, үйрөнүүгө жеңил болгон программа тууралуу эки тилде эркин токтолду.
«Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz”  мобилдик колдонмо долбоорунун жетекчиси Данияр Карабаев  келген конокторго колдонмону кантип көчүрүп катталуу жолдорун түшүндүрүп, интерактивдүү оюндарды (колдонмо аркылуу) өткөрдү.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө “Шоро” улуттук компаниясынын суусундуктары жана белектери тапшырылды.


Колдонмону төмөндөгү шилтемелер аркылуу көчүрүп, кыргыз тилин орус тили аркылуу же англис тили аркылуу жеңил үйрөнүү шарты каралган.


Андроид телефондор үчүн:
АйОс (айфон) телефондор үчүн:
Колдонмону көчүрүп, жайылтуу үчүн бөлүшүүнү унутпаңыздар!
Архив