"Мамлекеттүүлүк жана тил: кечээ, бүгүн, эртең» аталыштагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү
Эл аралык Кувейт университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган "Мамлекеттүүлүк жана тил:  кечээ, бүгүн, эртең» аталыштагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.


Конференцияны Эл аралык Кувейт университетинин Тарбия иштери, эл аралык байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент А.Турдумамбетов алып барып, Эл аралык Кувейт университетинин ректору,  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,  педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Байсеркеевдин куттуктоо сөзү менен ачылды.

Андан соң аталган  университеттин ректорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык академиясынын академиги,  тарых илимдеринин доктору, профессор А.Ормушев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук  комиссиясынын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси З.Кадырова, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин котормо борборунун эксперти,  филология илимдеринин кандидаты Абдыжапар уулу Мундузбек,
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ардагери,  КПССтин партсъездинин делегаттары үчүн биринчи кыргыз тилинде алып барган алгачкы стюардесса  Тлеухор Бошумова сөз сүйлөдү.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти,
филология илимдеринин доктору,  профессор,  жазуучу-публицист Б.Усубалиев
«Эгемендик жана эне тил»,  И.Раззаков атындагы КМТУнин доценти, 
филология илимдеринин кандидаты Д.Исмаилова «Эне тилибиздин улуулугу жана көйгөйлөрү»,
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун музейлер бөлүмүнүн башчысы В.Качкимбаева «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы жана өнүгүүсүндөгү Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхый өзгөчөлүгү”, Эл аралык Кувейт университетинин  Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча  орун басары Э.Кубатбеков Эсенбек «Кара-Кыргыз Автономиялуу облусуна 100 жыл: тарыхый жол жана маданий мурас» деген аталыштагы баяндамаларды жасап, угармандар тарабынан өтө чоң кызыгууну жаратты.
Конференциянын секциялык иштеринде  кызыктуу темалар кызуу талкууланып, 
резолюцияны талкуулоо жана кабыл алуу болду.
Иш-чаранын аягында мыкты баяндамачылар менен илимий жетекчилерине дипломдорду жана           тастыктамаларды тапшыруу аземи өттү.
Архив