2024-жылдын 24-сентябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Президенттин Иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканада мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган ден соолук сакчылары тарабынан уюштурулган иш-чарага катышты.
Саламаттыкты сактоо тармагынынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү максатында Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган Дары каражаттардын жана
медициналык буюмдардын орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүн, Медицинада көп кездешүүчү терминдердин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүк китептерин тапшырды.