Улуттук комиссиянын буюртмасы менен жасалган «Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун кезектеги таанытымы Кыргызстандагы Борбордук Азия университетинде (АУЦАда) өттү.
2024-жылдын 25-сентябрда Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасынын" алкагында иштелип чыккан, мамлекеттик тилди жеңил үйрөнүүгө багытталган «Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосун иштеп чыгууга жигердүү салым кошкон кызмат көрсөтүүчүнүн командасын Улуттук комиссиянын ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. 
Иш-чарага Кыргызстандагы Борбордук Азия университетинин Президенти Тимати О' Коннор жана бир катар окуу жайлардын чет өлкөлүк студенттери катышты.  «Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz”  мобилдик колдонмосун иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү Данияр Карабаев  келген конокторго колдонмону  көчүрүү жана катталуу жолдорун түшүндүрүп, интерактивдүү оюндарды (колдонмо аркылуу) өткөрдү. 
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө “Шоро” улуттук компаниясынын суусундуктары жана белектери тапшырылды. 
Колдонмону төмөндөгү шилтемелер аркылуу көчүрүп, кыргыз тилин орус тили  же англис тили аркылуу жеңил үйрөнүүгө болот.
Андроид телефондор үчүн шилтеме:
АйОс (айфон) телефондор үчүн шилтеме:
Колдонмону көчүрүп, башкаларга жайылтуу үчүн бөлүшүүнү унутпаңыздар!
Архив