Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде белгиленип, Улуттук комиссиянын буюртмасы менен жасалган «Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” мобилдик колдонмосунун таанытымы кызматкерлерге тааныштырылып, Улуттук комиссиянын ведомстволук сыйлыктары жана Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган 10 тармактык сөздүктөр тапшырылды.