Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын алгачкы отуруму өттү

Бүгүн 8-октябрда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кеңешме органдын төрагасы Мелис Мураталиевдин жетекчилиги алдына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү.

Кеңешме органынын курамынын алгачкы отурумунда органдын иш тартиби (регламенти) бекитилип, орфография жана орфоэпия маселелери боюнча сунуштар айтылды.

Бул Кеңешме орган Улуттук комиссиянын компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн коллегиялык орган болуп саналат. 

Кеңешме орган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык түзүлүп, анын курамы мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын, билим берүү, илим жана маданият мекемелеринин өкүлдөрүнөн турат жана коомдук башталышта иштейт.

Архив