"Мыкты кыргыз тили жана адабияты” кабинети аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

2024-жылдын 8-октябрында Мамлекеттик тил  жана   тил саясаты боюнча  улуттук комиссиянын  кызматкери Зинат Кадырованын төрайымдыгы алдында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыгынын алкагында "Мыкты кыргыз тили жана адабияты” кабинети аталышындагы кароо-сынагын жобого ылайык өткөрдү.

Сынакка райондон 1-орунду ээлеген жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышып, жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө төмөнкү билим берүү уюмдары ээ болушту:

I орун №68 ОМ,

II орун №51 ОМ,

III орун №55 ОМ

I орун №113 МЧББУ,

II орун №91 МЧББУ.

Бул кароо-сынактын жеңүүчүлөрү Билим берүү департаментинин декабрь айында үч айлыктын жыйынтыктоочу иш-чарасында баалуу белектер менен сыйланат.

Архив