“Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары өттү

Бүгүн 11-октябрда ИИМдин Борбордук аппаратында “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты У. Ниязбеков, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев жана Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Аталган сөздүк Кыргыз милициясынын тарыхындагы алгачкы жолу жарык көрүп жаткан эмгек. Бул сөздүк ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү тарабынан түзүлүп, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминологиялык комиссия тарабынан кароодон өтүп, басууга сунушталган. Аталган сөздүк алгач долбоор иретинде 2022-жылы жарык көргөн. Ал эми акыркы варианты 2023-жылы Терминкомдун макулдугун алып, Улуттук комиссия тарабынан чыгарылды.

“Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ички иштер органдарында 100 имаратты ачуу, 100 иш-чара өткөрүү мерчемделген. Ошол иш-чаралардын бири катары   бүгүнкү  күнү сиздер менен жолугушуп турганыма абдан кубанычтамын.  

 Мына бүгүнкү саамалыктын орун алышы, тактап айтканда “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары болуп, колдонууга берилиши дал ушул максат-милдеттерибиз менен байланыштуу. 

Ички иштер органдарында колдонулган терминдер бирдиктүү эрежеге салынышы, түшүнүктөрдүн жана терминдердин ар түрдүү жана орунсуз колдонулушуна гана бөгөт койбостон, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердигин так камсыз кылат” – деп белгиледи министр.

Андан сырткары министр аталган терминологиялык сөздүктү чыгарууга салым кошкон бир катар Терминология комиссиясынын мүчөлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.


Архив