КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА ЖАНА “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАНДЫК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТЧЫЛАРДЫН АРАСЫНДАГЫ СЫНАКТЫН III ЭТАБЫНЫН
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары – Улуттук комиссия) тарабынан 2018 – 2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, 2021 – 2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын, 2021 – 2026-жылдары инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын, Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын, "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепциясын жүзөгө ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан төрт айлыктын алкагында иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо сынак уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
1.3. Сынак Уюштуруу тобу тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
1.4. Сынактын ар бир этабынын жыйынтыгында беш мыкты видеобаян (видеоролик) тандалып, авторлору баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
2. Сынактын максаты:
2.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын өткөрүү жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү аркылуу мамлекеттүүлүктүн негиздерин чыӊдоо жана мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү.
2.2. Нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге жана салттуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеп маданиятынын сабаттуулугун жогорулатуу.
3. Сынактын катышуучулары
3.1. Сынакка Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик органдары, министрликтери жана ведомстволору, облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана райондук мамлекеттик администрациялары, Бишкек, Ош шаарынын мэрияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары катышат, катышуучулардын саны чектелбейт.
Эскертүү: Сынакка филолог, журналист, лингвист, философ, тарыхчылар, маданият. искусство тармагынын өкүлдөрү жана ушул Жобонун 1.1-пунктунда белгиленген программалардын, концепциялардын аткарылышына координация жүргүзүүчү мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүн кызматкерлери катыша албайт.
4. Сынактын тематикасы жана өткөрүү мөөнөтү
4.1. Сынак 2024-жылдын 25-октябрынан 25-ноябрына чейин өткөрүлөт.
4.2. III этап эки баскычтан турат. Биринчи баскычта видеобаян (видеоролик), экинчи баскычта атайы иштелип чыккан тест тапшырмасы.
5. “Кыргыз жараны” темасындагы III этаптын баскычтары
1-баскыч. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында катышуучулар төмөнкүлөрдүн бирин чагылдырган видеобаян (видеоролик) даярдашат:
- жарандардын Кыргыз жараны деп өзүн таануусун өнүктүрүү, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана улуттук дөөлөттөрүн урматтоо;
- мамлекеттик тилди өркүндөтүү, эне тилди сактоо жана өнүктүрүү;
- кыргыз жаранын мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жаран катары калыптандыруу;
- Кыргызстанда ынтымакты жана этнос аралык биримдикти бекемдөө
1-баскычтын жыйынтыгын ушул Жобонун 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн орган же мекеме эӊ мыкты деген бир видеобаянды (видеороликти) аныктайт жана А4 форматындагы word үлгүсүндөгү таблицаны (тиркелет) толтуруп, 2024-жылдын 25-ноябрында synakmamtil@gmail.com почтасына жиберет.
Келип түшкөн видеобаяндарды (видеороликтерди) жумушчу топ баалоо критерийлерге ылайык тандап чыгат.
2-баскычта 1-баскычтан өткөн кызматкерлер 2024-жылдын 15-ноябрынан 25-ноябрына чейин чейин Улуттук комиссия тарабынан атайы иштелип чыккан тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө онлайн форматында болот.
Сынактын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо: III этапта өткөрүлгөн сынакта жеӊүүчү деп табылган 5 кызматчыга баалуу байгелер каралган. Жеӊүүчүлөргө байгелер 2024-жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан тапшырылат (убактысы жана орду боюнча кошумча маалымат берилет).
5. Видеобаянга (видеоролик) коюлган жалпы талаптар жана критерийлер:
5.1 Сынакка катышкан мамлекеттик (муниципалдык) кызматкер ар бир өткөн айлыктын алкагында берилген тематикага жараша 2-3 мүнөттөн ашпаган убакытты камтыган эркин формада видеобаян (видеоролик) жасайт. Видеобаян (видеоролик) төмөнкү критерийлер менен бааланат.
Баалоо критерийлери (1-10 чейинки упай берилет):
- теманын оригиналдуулугу;
- мамлекеттик тилди даӊазалоо;
- мамлекеттүүлүк идеясын коомчулукка жайылтуу;
- жарандык аӊ-сезимди калыптандыруу;
- ойдун жеткиликтүүлүгү, мазмундуулугу, көркөмдүүлүгү
видеобаянга (видеороликке) карата талаптар:
- видео сапаттуу тартылышы зарыл;
- катышуучунун үнү так жана даана болушу кажет;
- видеобаян (видеоролик) 3 мүнөттөн ашпоого тийиш;
- Видео МР4 же MOV форматында болушу керек;
- 9:16 өлчөмүндө портреттик багытта болгону дурус;
- видеобаян (видеоролик) өзү иштеген мекеменин социалдык тармактарына (фейсбук, инстаграм) жүктөлүүсү зарыл;
- #мамтил35 кештеги менен Улуттук комиссияны белгилөөсү шарт;
- жүктөлгөн видеобаянга (видеоролик) жакты белгисин (лайк) жана пикирлердин көп болушу;
- башкалар менен бөлүшүлгөн жана көп көрүлгөн статистикалык көрсөткүчтөргө артыкчылыктар каралат.
Сынакта төмөнкү видеобаяндар (видеоролик) каралбайт:
- автордук иштер (плагиат) кабыл алынбайт;
- Интернеттен алынган даяр материалдарды колдонуу;
- даректүү, журналисттик-публицистикалык, тарыхый даяр тасмалар;
- көркөм окуу;
- башка авторлордун жана өзүнүн ырларын айтуу;
- видеобаян (видеоролик) 3 мүнөттөн ашык болгондо;
- сапатсыз видеобаян (видеоролик).
Байланыш телефону: 210152, 0700015452
Дареги: Бишкек ш., Чыӊгыз Айтматов проспектиси 1с2
Тиркеме
2024-жылдын 25-октябрынан 25-ноябрына чейин өткөрүлүүчү Кыргыз жараны аталышындагы сынактын катышуучулары
№1 | Видеороликтин авторунун аты-жөнү | Кызмат орду | Телефон номери (whatsapp) | Видеороликтин шилтемеси | Эскертүү |