2024-жылдын 12-26-ноябрь күндөрү Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте “Ош облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын жана “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы жыйындын резолюциясынын аткарылышынын абалы” боюнча пландуу мониторинг жүргүздү.
Мониторинг Өзгөн, Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорундагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө, алардын сабаттуулугуна жана сапатына баа берүү максатында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүүдө кетирилген мүчүлүштүктөр жана кемчиликтер аныкталды. Алардын негизинде мекеме-ишканаларга тиешелүү методикалык сунуштар берилди жана жеринде усулдук жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жана сапаттуу жүргүзүү боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы 2024-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттык жыйынында каралат.