Ошто КЫРГЫЗ ТААНУУ окуу курсу өтөт!

Тема: “КЫРГЫЗ ИДЕНТТҮҮЛҮГҮ”
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Ош шаарынын мэриясы жана Ош мамлекеттик университети менен бирдикте
мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге жана жалпы каалоочуларга арналган окуу курсун уюштурууда.
Максаты — мамлекеттик тилди жана маданиятты жайылтуу, улуттук баалуулуктарды терең түшүнүүгө жардам берүү.

Курстун артыкчылыктары:

Мамлекеттик тилди өркүндөтүү;

Кыргыз маданияты жана тарыхы жөнүндө кеңири маалымат алуу;

Кыргыз иденттүүлүгүн бекемдөө;

Дареги: Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры

Өткөрүү күнү: 13-декабрь, саат 10:00

Байланыш номери: 0772 365 412

Кирүү акысыз!
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында аптанын ар экинчи күндөрү үзгүлтүксүз өтүүдө.
Кыргыз таануу - өз тамырыңды таанып, өзөгүңдү бекемде!