Баянымды 99 жана 95 жаштарында ээрчишип жүрүшүп, кетерде да ээрчишип алып, бир ай мурун бул дүйнөдөн өтүп кеткен атакем Асек менен энекем Турсундун жаркын элесине арнайм.
Балалыгым тоо койнунда, атакем менен энекемдин жомокторун угуп, илгеркини кадырлай алган салт-санаасына сүңгүп, ошол эле маалда, атам менен апамдан жаңы замандын агымына ылайык тарбия алып, элетте өттү. “Элет” дегенде эле көзүмө жупуну үй, ток маарек адамдар, жан дүйнөнүн тынчтыгы жана чыныгы бактылуулук тартылат. Ооба, мен айылды ушинтип тааныгам. “Айылдан адам кетсе да, адамдан айыл кетпейт” деген чын белем, жогорку окуу жайды бүтүрүп, чет жактарга чыгып, окуп, иштеп жүрсөм дагы, айылыма болгон арзуумдун артылганы артылган.
Дүйнө балдарына үйрөткүм келген эң алгачкы сөз — дал ушул “элет” сөзү. Үй-бүлөмдөн толук мээрим, туура тарбия алып, эркин, бийиктикке умтулуп өстүм. Буга себеп, мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, асыл сапаттарды жашоомдун өзөгү, окууну, өнүгүүнү турмушумдун туткасы катары үйрөнүп, анан да көркөм табиятта чоңоюп, андагы бийик тоолордон дем-күч алып, элет элинин пейили менен чоңойгонум үчүн деп билем. Эң жакын эки адамымды жоготкондон кийин, элет менин маңдайыма жазылган кызыл жылдыз болгонун түшүнүп, баары эле айылда чоңойо бербесин аңдап, бардык адамзатка, өзгөчө эртеңки келечек ээлерине жөнөкөйлүккө жуурулушкан бактылуулуктун уюткусу болгон “элет” сөзүн үйрөткүм келип, жакшы тилегимди айтам.
“Кең болсоң — кем болбойсуң, секет кетейиним”, — деп атакем көп айтчу. “Ананчы, адам пейилинен табат да”, — деп энекем коштоп калчу. Ушул эки ооз сөздүн этегинде эле нечендеген таалим жатканын акыл токтотуп, ой чубатып калган маалда түшүнүп отурам. Мен таасирленген, башкача аздектеген, тереңине сүңгүп кирип, тээ түбүнөн сезе алган дагы бир сөз — “пейил” сөзү. Азыр ойлосом, күндө атакем менен энекемден жогорудагы сөздөрдү кайталап уга берип, өзүм да байкабаган абалда аздыр-көптүр жакшы сапаттарды арттырып, башкасы калса да, пейилим каралбай калбасын деп жан далбастаганым ошондон тура. Эсимде, Америкага окууга өтүп, атакем менен энекеме сүйүнчүлөп барганымда, эки асылым сүйүнүп, энекем: “Мына, пейилиңе жараша Жаратканым берип жатпайбы, алдыңа кетейиним”, — деп алкаганында, башкача сезимдерди жашагам.
21 жашка чыкканымда, атакем менен энекем чакырып алып, алдыларына отургузуп, тилектерин арнап, энекем жаш кезинен бери тагынып келген өзүнүн жакшы көргөн кызыл көз шакегин мага белекке берип жатып: «Бул сага таберик болот», — дешти. Кийинчерээк дагы таберик деп, энекем мойнундагы мончогун такты. Дүйнө балдары сүйлөсө деген ары уккулуктуу, ары табышмактуу үчүнчү сөзүм ушул — “таберик” сөзү. Чындап келсе, ал буюмдар эмес, атакем менен энекемдин сүргөн өрнөктүү өмүрүнүн өзү биздин көрөңгөбүзгө мектеп, жолубузга чырак, эртеңибизге үмүт, келечегибизге таберик тура. Мен бул сөздүн анык маанисин дал ушул абалымда сезип отурам.
Элеттеги элдин пейили менен чоңоюп, өрнөктүү өмүр сүрүп, эртеңки келечек муунга таберик боло турчу алгылыктуу иштерди жасап, өзгөчө кыргыз элин, кыргыз тилин ааламга даңазалап, кызыл туубузду көктө желбиретип, кенен, анан терең инсан болсок экен деген изги тилек менен сөзүмдү жыйынтыктайм.
Акчалай каражаттын демөөрчүсү: "Балаком" басма үйү.