“Дүйнө балдарына үйрөткүм келген 3 кыргызча сөз” дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Мамлекеттик тил күнүнө карата Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана “Балаком” басма үйү биргелешип уюштурган “Дүйнө балдарына үйрөткүм келген 3 кыргызча сөз” аттуу дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бүгүн Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жеңүүчүлөр менен жолугушуп, пикир алышып, алардын чыгармачылык аракетине жогору баа берди.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө Улуттук комиссия тарабынан атайын дипломдор жана китептер тапшырылса, демилгечи Канаданын Торонто шаарында жашаган мекендешибиз, “Балаком” басма үйүнүн негиздөөчүсү Айсулуу Алмаз тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Сынакка жалпы 465 дил баян келип түшүп, алардын ичинен 322 жарактуу деп табылып, 143 эмгек (кыргызча тамгалар колдонулбагандыктан, документ ачылбагандыктан же башка темада болгондуктан) жараксыз деп эсептелди.
Жеңүүчүлөрдүн дил баяндарын Улуттук комиссиянын расмий сайтынан окуса аласыздар: