Бүгүн 3-октябрда Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мугалимдер күнүнө карата жана «Жылдын мыкты мугалими» деп табылган Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асанова Элзат Бакытовнаны “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйлады.
Улуттук комиссиянын төрагасы кыргыз тили мугалиминин бул эмгегин жогору баалап, тилди окутуудагы тынымсыз аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүп, жаш муундарга улуттук баалуулуктарды жеткирүүдө кыргыз тилчи мугалимдердин орду өзгөчө экенин белгиледи.
Улуттук комиссиянын жалпы жамааты Асанова Элзат Бакытовнага талыкпас эмгек жана келечектеги ишинде жаңы жеңиштерди каалады.