Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында өткөрүлгөн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча тренинг жыйынтыкталды.
Окутуу программасынын алкагында 50гө жакын мамлекеттик кызматкер билим алып, алардын ар бирине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов тарабынан сертификаттар тапшырылды.
Бул курс Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.
Программанын жүрүшүндө катышуучулар улуттук идеологиянын мазмуну, мамлекеттик тилдин өнүгүү багыттары жана коомдук аң-сезимди чыңдоонун заманбап ыкмалары боюнча сабактардан өтүштү.
Аталган окуу курсун ийгиликтүү аяктагандардын катарында Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Канатбек Сейдалиев жана аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Тилекманова да бар.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жыйынтыктоочу сөзүндө бул демилге — Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук идеологияны бекемдөө жана коомдун руханий өнүгүүсүн колдоо багытындагы саясатын ишке ашыруунун маанилүү кадамы экенин белгиледи.