"Мамлекеттик кызматкерлөрдүн арасында өткөрүлгөн “Манас” окуйт" долбоорунун 1-айлампасын жыйынтыктоочу иш-чарада активдүү катышкан бир катар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, “Манас” улуттук академиясынын, «Манас» улуттук театрынын жана долбоордун башкы демилгечиси — КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Алкыш баракчалары жана ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Бул долбоорго борбор шаардан гана эмес, өлкөнүн жети облусунан келген кызматкерлер да активдүү катышып, белектерге ээ болушту.
Долбоордун 2-айлампасы мындан да кызыктуу форматта өтүп, сынак иретинде уюштурулары демилгечилер тарабынан пландалууда.
Жаңы айлампа мамлекеттик кызматкерлердин “Манас” эпосу боюнча билимин тереңдетип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.